super.kg logo

Садыр Жапаров: "Улуттук статистикалык комитеттин ишин электрондук форматка өткөрүүнү тездетүү зарыл"

 
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-мартта Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Самат Насирдиновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, жолугушууда Самат Насирдинов Улуттук статистикалык комитеттин 2020-жылдагы ишинин жыйынтыктары жана 2021-жылга карата коюлган артыкчылыктуу пландар тууралуу маалымат берди. Ал ошондой эле ушул жылы өткөрүлө турган калкты жана турак жай фондун каттоого даярдыктар жөнүндө айтып берди.
Өткөн жылы 25 миңден ашуун статистикалык иштер аткарылган. Жалпысынан 77 экономикалык доклад, республиканын жана аймактардын социалдык-экономикалык абалын мүнөздөгөн 1171 экспресс-маалымат, ошондой эле экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдүн өнүгүүсүн ар тараптуу мүнөздөгөн 700дөн ашык статистикалык бюллетендер даярдалган.
Мындан сырткары, 2020-жылдын июль айында улуттук статистика системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылууга, сапаттуу расмий статистикалык маалыматтарды чыгарууга жана калктын расмий статистикага болгон ишенимин жогорулатууга багытталган «Расмий статистика жөнүндө» мыйзам күчүнө кирген.
Президент статистикалык отчёттуулуктун формаларын электрондук форматка өткөрүү боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Улуттук статистикалык комитеттин өнүгүүсүнө багытталган Дүйнөлүк банктын «Салыктык администрацияны жана статистикалык тутумду модернизациялоо» долбоорун сапаттуу ишке ашыруунун маанисине токтолду.
Ошондой эле Садыр Жапаров калкты жана турак жай фондун каттоого даярдыктарды учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен камсыз кылууну тапшырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: