super.kg logo

ТЕСТ: Эң мыкты режиссёр Актан Арым Кубаттын кайсы тасмасы "Оскарга" көрсөтүлгөн?

 

26-мартта Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, улуттук киноакадемия академиги жана Эл артисти, Европа киноискусство академиясынын чыныгы мүчөсү Актан Арым Кубат 64 жашка чыкты. Ал 1957-жылы 26-мартта Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Күн-Туу айылында туулган. Актан Арым Кубат 1976-1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. Андан соң "Кыргызфильм" киностудиясында сүрөтчү, режиссёр болуп иштеген. 1998-жылы өзүнүн "Бешкемпир" аттуу продакшн-студиясын түзүп, 2000-жылы "Ой-Арт" студиясынын арт-директору болот. Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, улуттук киноакадемиянын академиги жана Эл артисти, Европа киноискусство академиясынын мүчөсү, ушул күнгө чейин коомдук иштерге активдүү катышып, киноискусство жаатында салым кошуп келе жатат.


Урматтуу окурман! Эгерде сиз Актан Арым Кубаттын кинолорун, дегеле чыгармачылыгын жогорку деңгээлде билем деп ойлойсузбу? Анда бул тест сиз үчүн.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

Актан Арым Кубат канча жашка чыкты?

Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, улуттук киноакадемия академиги жана Эл артисти, Европа киноискусство академиясынын чыныгы мүчөсү Актан Арым Кубат 1957-жылы 26-мартта төрөлгөн. Бүгүн ал 64 жашка толду.

Кийинки суроо


60 жаш
64 жаш
70 жаш

Актан Арым Кубат кайсы жакта төрөлүп-өскөн?

Актан Арым Кубат Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылында төрөлүп-өскөн.

Кийинки суроо


Сокулук районунда
Кемин районунда
Токмок шаарында

Актан Арым Кубат эң алгач кайсы тасмасы аркылуу Эл аралык киносыйлыгын жеңип алган?

1990-жылы Актан Арым Кубаттын “Жолбун ит” тасмасы Бакуда өткөн Эл аралык кинофестивалдын баш байгесин жеңип алган. Бул режиссёрдун алгачкы киносыйлыгы болуп эсептелет.

Кийинки суроо


“Бешкемпир” тасмасы аркылуу
“Кентавр” тасмасы аркылуу
"Жолбун ит" тасмасы аркылуу

Бул Актан Арым Кубаттын кайсы тасмасынан алынган кадр?

"Бешкемпир" тасмасы 1998-жылы тартылган. Драма жанрындагы фильмдин режиссёру - Актан Арым Кубат. "Бешкемпир" тасмасы Азиядагы эң мыкты тасмалардын катарына кирген.

Кийинки суроо


"Селкинчек" тасмасы
"Бешкемпир" тасмасы
“Ырыс алды – ынтымак” социалдык жарнамасынан алынган кадр

Актан Арым Кубат 2016-жылы Пусан кинофестивалында кандай сыйлыкка ээ болгон?

Актан Арым Кубат 2016-жылы Пусан кинофестивалында “Азиядагы эң мыкты кинорежиссёрлордун бири” деген сыйлык алган.

Кийинки суроо


“Азиядагы Эмгек сиңирген кинорежиссёр”
“Азиядагы эң мыкты кинорежиссёрлордун бири”.
Эч кандай сыйлык алган эмес

Актан Арым Кубат алган билими боюнча кайсы кесиптин ээси?

Актан Арым Кубат 1976-1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. Андан соң "Кыргызфильм" киностудиясында сүрөтчү, режиссёр болуп иштеген. Кызыгы, Актан Арым Кубат кино жаатында билим алган эмес. Анын режиссёр болуп калышына Геннадий Базаровдун, Төлөмүш Океевдин салымы чоң.

Кийинки суроо


Сүрөтчү
Кинорежиссёр
Актёр

Актёр катары кайсы тасмаларында башкы каармандын ролун жараткан?

Актан Арым Кубат башка режиссёрлордон өзгөчөлөнүп, тасмаларда да роль жаратып келет. Ал “Свет аке”, “Кентавр” тасмаларында башкы каармандын образын жараткан. Ал тургай бул ролу үчүн “Эркектин мыкты ролу” сыйлыгына татыган.

Кийинки суроо


“Маймыл”, “Бешкемпир” тасмаларында
“Түнкү кырсык”, “Бекет” тасмаларында
“Свет аке”, “Кентавр” тасмаларында

Актан Арым Кубат эмне үчүн тасма көп тартпайт?

Режиссёр “Супер-Инфо” гезитине берген маектеринин биринде “Мен өзүм кино көп тартпайм, ой, ички толгоолорум бышканда анан тартат экенмин. “Свет аке” тасмасын тарткандан бери 7 жыл өтүп кетти”. “Маймыл” менен “Свет акенин” аралыгы 9 жыл. Бул акча тартыштыгынан деле эмес, акча маселеси продюсеримдин моюнунда” деген.

Кийинки суроо


Акча тартыштыгынан улам
Ой-толгоосу бышып жетилгенде гана тартат
Кинотасмалардын көптүгүнөн улам

Бул тасма көптөгөн сыйлыктарга ээ болуп, “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлгөн...

"Кентавр" тасмасы. Тасмада өзүнүн улуттук түпкү салт-санаасын сактап калуу аракеттерин көргөн, жылкыны "ат - адамдын канаты" деп ыйык туткан, өз аты өчүп Кентавр атка конгон адам жөнүндө баяндалат. Ал сөз гректердин мифтеринде кездешет. Бирок анын татаал дүйнөсүн, ойлорун эч ким түшүнө бербегендиктен кыйынчылыктар жаралат. Тасма Кыргыз өлкөсү, Франция, Германия, Нидерланды жана Япониянын кино жаратуучулары менен биргеликте 2017-жылы тартылган. Драма бир катар эл аралык фестивалдарда көрсөтүлгөн.

Кийинки суроо


“Кентавр”
“Свет аке”
“Бекет”

“Өзүмдүн ырайымды жакшы эмес деп ойлочумун. Жеткинчектин мындай корунуусун ушул тасмамда бердим”. Ал кайсы тасмасы?

Актан Арым Кубат маектеринин биринде “Өзүмдүн ырайымды жакшы эмес деп ойлочумун. Жеткинчектин мындай корунуусун ушул “Маймыл” аттуу тасмамда көрсөттүм” деп айтканы бар

Кийинки суроо


"Бешкемпир" тасмасы
"Маймыл" тасмасы
"Селкинчек" тасмасы

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
26.03.2021. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Неприятный тип. Бездарный режиссёр
28.03.2021. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Nina.alex, сага караганда кыргыздын маданиятына опол тоодой салым кошкон,КРдин эле эмес Азиянын мыкты режиссерлорунун бири, тарыхта аты кала турган инсан. А сен сындагандан башка эмне кылдын?
26.03.2021. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сени кирип окусун деп жазган да )))
27.03.2021. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
90балл. Мээиди бут керексиз эле маалыматтарга толтуруп эле басып журом(((
27.03.2021. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаш балдарга бир канфетин бар аны алып койдум канчоо калат дегендей элего.Туулган күнү жылы турса кайра суроо кылыптыр.
27.03.2021. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул режиссердун бир да киносун коргон эмесмин. Бир да эмгеги жакпайт. Бирок болжол менен 100 балл алдым тобаааа!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: