super.kg logo

Бишкек мэриясы: "Аккула" ипподромун куруу долбоору боюнча ишти токтотуу жөнүндө буйрук берилген"

 

Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Сагындык уулу менен болгон жолугушуунун протоколуна ылайык, 2020-жылдын 17-декабрында "Аккула ипподромун куруу" долбоору боюнча ишти токтотуу жөнүндө буйрук берилген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы Аккула ипподром объектиси боюнча Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы, Бишкек шаардык мэриясынын көрсөтмөсү боюнча, жаңы ипподромдун курулушун долбоорлоо иштерине техникалык тапшырма даярдаган.

"Долбоорлоо иштеринин баасы болжол менен 19 миллион сомду түзүп, курулуш иштерине 2 жолу тендер жарыяланган. Биринчи сынак катышуучулардын келбегендигине байланыштуу болгон эмес.

Экинчи сынак талаптарга жооп берген катышуучулардын жоктугунан улам өткөн жок. Андан ары бюджеттин киреше бөлүгүнүн жоготулгандыгына байланыштуу, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилигине долбоорду бюджеттик каражаттардын эсебинен ишке ашырууну токтото туруу жана Аккула ипподромунун долбоорун мамлекеттик-жеке менчик аркылуу ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылган.

Анын негизинде Бишкек шаарынын мэриясы Экономика министрлигинин алдындагы МЖӨ борбору менен биргеликте Аккула ипподромун куруу үчүн менчик ээлерин тартуу боюнча сынак жарыялаган.

Андан кийин протоколго ылайык, "Аккула ипподромун куруу" долбоору боюнча ишти токтотуу жөнүндө буйрук берилген", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: