super.kg logo

Аба ырайына байланыштуу милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга кайрылат

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 26-30-мартка чейин туруксуз аба ырайы күтүлгөндүктөн милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга жамгыр жааган учурда төмөнкү эрежелерди так сактоого чакырат.

1. Жаан жаап баштагандан тартып алгачкы бир саат аралыгында жолдо жүрүүдө өтө сак болуңуз. Анткени мурдагы жаанга чейинки кургак аба ырайында жолдун үстүңкү катмарында капталган чаң менен асфальт төшөлгүдөн чыккан кара май жамгыр кайрадан эрип жолдун бетин тайгалак кылат.

2. Мурда жүрбөгөн жолдордо же суу каптаган көлчүктөрдөн жүрбөй эле коюңуз. Себеби нөшөрлөп жааган жаан жер астындагы өткөн суу түтүктөрүнүн үстүндөгү капкакты жаап, суу астында чуңкурлар болуп унааңыздын жүрүшүнө тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

3. Катуу ылдамдыктын кереги жок. Орточо ылдамдык саатына 40-50 чакырымды түзсө жетиштүү. Эгерде унааны токтотуу зарылчылыгы келип чыкса, тормоздук баскычты эртерээк жана жайлатып басыңыз.

4. Алдыда сизге каршы багытта келе жаткан айдоочуга жана жалпы жол кыймылынын катышуучуларына сиздин келе жаткандыгыңыз көрүнүктүү болушу үчүн унаанын туманга каршы жарыгыңызды сөзсүз күйгүзүп алыңыз.

5. Эгерде сиздин айдоочулук тажрыйбаңыз жетишээрлик деңгээлде болбосо же өзүңүзгө ишенбөөчүлүк пайда болсо, сиздин астыңыздагы бир багытта бара жаткан унааны ээрчип, артынан айдаганыңыз оң. Бул дагы жол кырсыгынын келип чыгуусунун алдын алууга өбөлгө түзөт.

"Урматтуу айдоочулар, жогорудагы эрежелерди так сактоо менен шаарда жүрүүдө же сапарга чыгууда нөшөрлөп жамгыр жаап же өткүн өткөн учурда мүмкүнчүлүк болсо унааны жол жээгине токтотуп, жаандын басылышын күтүп турууга чакырабыз. Бул да болсо жол транспорт кырсыктарынын келип чыгуусунун алдын алууга өбөлгө болот", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.03.2021. 07:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2 катардагы айтканын туурулап жазып берсек жолдого билбеген чон ямалар бар ошол ямага тушуп кетпегиле десен ишенсе болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: