Парламентте экологиялык стандарттагы К-4 жана К-5 бензинин пайдаланууга өтүү маселеси көтөрүлдү
Парламентте экологиялык стандарттагы К-4 жана К-5 бензинин пайдаланууга өтүү маселеси көтөрүлдү. Бул тууралуу 25-мартта өткөн жыйында айтылды.
Депутат Сайдулла Нышанов экологиялык стандарттагы К-4 жана К-5 бензинин пайдаланууга өтүү маселесин көтөрдү. Депутат Үмбеталы Кыдыралиев өкмөт тарабынан жүргүзүлгөн түзүмдүк өзгөрүүлөр курчап турган чөйрөнү коргоого жооптуу болгон ыйгарым укуктуу органдын жоюлушуна алып келгендигин белгиледи.
Депутат Бактыбек Турусбеков ар кандай маселени, анын ичинде абанын булганышы боюнча маселени чечүү үчүн баштапкы маалыматтарды так билүү зарылдыгын белгиледи. ”Жылдын ар кайсы мезгилдеринде абага спектралдык анализ жүргүзүү керек. Биз булгануунун булактарын пайыздык катнашта аныктоого тийишпиз”, - деди Турусбеков.
