super.kg logo

Коопсуздук кеңештин катчылыгы президенттин "Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө" жарлыгынын алкагындагы чараларды талкуулады

 

Коопсуздук кеңештин катчысы Рыскелди Мусаев президент Садыр Жапаровдун "Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Прокуратура жана укук коргоо органдарына кадрларды тандоо процессин өркүндөтүү маселелери каралды.

Рыскелди Мусаев белгилегендей, президенттин "Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө" жарлыгы менен мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлик органдарына ачыктык принциптерин, кадрларды тандоонун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана талапкерлерге талаптарды жогорулатууну эске алуу менен кадрларды сынактык негизде тандап алууну өркүндөтүү сунушталды.

Аталган жарлыкты аткаруу максатында Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан демилгеленген мамлекеттик бийлик органдарынын ишиндеги коррупцияны жоюу жана түзүмдөргө жумушка орноштуруу үчүн кадрлар резервине алуу боюнча жүргүзүлчү сынактык тандоонун бюрократиялык жана башка административдик жол-жоболорун азайтуу боюнча сунуштары талкууланды.

Ошондой эле мамлекеттик кадр саясатын андан ары ишке ашыруу үчүн талапкерлерге талаптарды күчөтүү менен катар, мамлекеттик кызматка адилеттүү жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана кадрлардын кесипкөй резервин түзүү боюнча мекеме өкүлдөрүнүн сунуш-пикирлери угулду.

Кеңешмеге Мамлекеттик кадр кызматынын, Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы мамлекеттик бажы кызматынын, Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү катышты.

Аталган кеңешменин жыйынтыгында Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын сунуштарын эске алуу менен жогорудагы мамлекеттик органдардын сынагын өткөрүү жана кадр резервин түзүү тартиби жөнүндө жобого тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.03.2021. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир жумуш берүүчү өзүнө жараша татыктуу жумушчуларды алат. Бардыгын кадрлар жана акча чечет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: