super.kg logo

БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумга эл аралык байкоочуларды аккредитациядан өткөрдү

 

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумга эл аралык байкоочуларды аккредитациядан өткөрдү. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

26-марттагы жыйында БШК Ханс Зайдель Фондунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директорун, Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Беларустун Шайлоо жана республикалык референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин, Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө токтом кабыл алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: