super.kg logo

Садыр Жапаров Мар Байжиев менен маданият жана билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү чараларын талкуулады

 

Кечээ, 26-мартта президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, белгилүү драматург Мар Байжиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Садыр Жапаров менен Мар Байжиев өлкөдөгү маданий, билим берүү чөйрөлөрүн өнүктүрүү чараларын жана коомдук-саясий процесстер жөнүндө талкуулашты.

Мамлекет башчысы Мар Байжиевдин улуттук маданиятка кошкон чоң салымын, анын искусство, илим жана билим берүү жаатындагы жигердүү ишмердигин канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров мамлекеттик деңгээлдеги ар кандай чечимдерди кабыл алууда улуу муундун пикир-кеңештерин жана тажрыйбасын эске алуунун өзгөчө маанисине токтолду.

Мар Байжиев бүгүнкү күндө өлкөнүн өнүгүүсүн калктын маданий жана руханий баалуулуктарынан бөлүп кароого болбой турганын белгиледи.

Ал мамлекет башчысы менен ата мекендик маданият, билим берүү чөйрөлөрүн өнүктүрүүдө жана улуттук идеологияны калыптандырууда борбордук элемент «Манас» эпосунда камтылган акылмандык болушу керектиги жөнүндө сунуштары жана көз караштары менен бөлүштү.

Конституциялык реформа маселесине токтолгон Мар Байжиев бүгүнкү күндө өлкө элдин мүдөөсүн канааттандырган жоопкерчиликтүү жана туруктуу бийликке муктаж экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун аягында Мар Байжиев Садыр Жапаровго батасын берип, ага бардык пландалган реформаларды жүзөгө ашырууга күч-кубат, ден соолук каалады жана өзүнүн "Манас, Семетей, Сейтек" аттуу китебин белек кылды.

Президент Садыр Жапаров жолугушууда айтылган бардык сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынарын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.03.2021. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзамдын үстөмдүгү бузулганда, социалдык укуктар жана сөз эркиндиги жок болгондо, биринчилерден болуп көтөрүлүп чыгышкан чыгармачыл адамдар.
Саясий карама-каршылыктар экиге бөлүп жарган жерде, маданият жана билим түшүнүү жана диалог үчүн мейкиндикти түзөт.
27.03.2021. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Садыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: