super.kg logo

Бишкекте 18 миңге жакын турак-үйүнө жаратылыш газы орнотулду

 

Бишкекте 18 миңге жакын турак-үйүнө жаратылыш газы орнотулду. Бул тууралуу 25-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков билдиргенин парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу үчүн автоунаалардын түтүнүнүн зыянын азайтуучу катализаторлордун сыртка чыгарылып кетүүсүнө тыюу салуу, электромобилдерди алып келүү жана пайдалануу үчүн инфратүзүмдөрдү жакшыртуу, таштанды полигонун рекультивациялоо, менчик турак-жайларды газдаштыруу багытында кандай иштер жасалып жаткандыгы боюнча маалымат берди.

“Атап айтканда, 38 калктуу пункттарда жана турак-жай конуштарында 875 газ түтүктөрү орнотулду, 18 миңге жакын турак-үй газга уланды. Ошондой эле шаардагы мончо комплекстери жана өнөр жай ишканалары тарабынан тазалоо системдерин орнотуу боюнча милдеттенмелер кандай аткарылып жаткандыгын көзөмөлдөө жаатында иштер жасалды", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: