27-30-мартта өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт
27-30-мартта өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 29-30-марттарда тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт. 26-мартта күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, 28-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, 29-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, 29-мартта күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
