super.kg logo

Садыр Жапаров президенттик аппараттын кызматкерлери менен ишембилик өткөрдү

 

Бүгүн, 27-мартта президент Садыр Жапаров президенттик аппараттын жетекчилиги жана кызматкерлери менен бирге Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын аймагында ишембилик өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов дагы катышты.

Ишембиликтин катышуучулары сейил бакка бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуп, аймагын тазалап, көрктөндүрүштү.

Ошондой эле Садыр Жапаров президенттик аппараттын кызматкерлери менен баарлашып, өлкөдөгү болуп жаткан коомдук-саясий процесстерге, анын ичинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга токтолду.

Ал түрдүү, кандай гана деңгээлдеги шайлоолор, жергиликтүү кеңештердеги же өлкө парламентиндеги шайлоо процесстери болсун, каалаган деңгээлде таза жана ачык шайлоону өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаров бийликтин алмашуусуна алып келген эгемендик мезгилиндеги элдик толкундоолордун үчөө тең адилетсиз шайлоого нааразычылыктан улам болгонун эскерди.

Мамлекет башчысы шайлоону калыс жана таза өткөрүү - бул мамлекетте тынчтыктын, туруктуулуктун жана өнүгүүнүн кепилдиги экендигин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.03.2021. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Садыр Нургожоевич биздин президент!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: