Өкмөт башчы Марипов коронавируска каршы эмдөөдөн качан өтөрү белгисиз
Кыргыз өлкөсүндө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталат. Өкмөт башчы Улукбек Марипов коронавируска каршы эмдөөдөн качан өтөрү белгисиз. Бул боюнча өкмөттүн басма сөз кызматына байланышканда маалымат берген жок.
Эмдөөнү алгачкылардан болуп саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алат.
Ал эми президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек мамлекет башчы Садыр Жапаровго эмдөөдөн өтүүнүн кажети жок экенин билдирген.
Депутат Тазабек Икрамов "Эмдөөнү премьер-министр, министр, депутаттардан баштайлы" деп айткан.
Эмдөөнүн алгачкы этабында медицина кызматкерлери, мугалимдер, социалдык кызматкерлер, укук коргоочулар, бажы кызматкерлери, өнөкөт оорусу барлар жана ден соолугу кооптуу топко киргендер эмделет. Вакцинация Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө, андан кийин Ош облусунда жүргүзүлөт.
Өлкөгө Кытай Эл Республикасынан акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза "SinoPfarm" вакцинасы келген.
