Саламаттыкты сактоо министрлигине коронавирустун жайылышынын алдын алуу, үчүнчү толкунга карата даярдык көрүү боюнча тапшырма берилди
Республикалык штабдын жыйынында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бир катар тапшырмалар берилди.
30-мартка чейин COVID-19дун жайылышынын алдын алуу жана үчүнчү толкунга карата даярдыгы боюнча кадамдык иш-аракеттер планына өзгөртүү киргизүү жана документти штабдын бекитүүсүнө алып кирүү тапшырылды.
"Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 3 күн ичинде дары-дармектердин ар бир ооруканага жеткирилишин камсыздоо зарыл.
Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына COVID-19га шектелип кайрылган жактарды көзөмөлгө алууну күчөтүүсү жана зарыл болгон учурда госпиталдаштыруу, ошондой эле стационарларда дарылоо боюнча ыкчам чараларды кабыл алуусу шарт. Тармактык кызматтарга зарыл болгон учурда койко-фонддорду ыкчам ачуу үчүн стационарлардын даярдыгын камсыздоо тапшырылды", - деп жазылат маалыматта.
