Парламентте расалык кастыкты козутуу боюнча жазаны жеңилдетүүгө багытталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду
Парламентте расалык кастыкты козутуу боюнча жазаны жеңилдетүүгө багытталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Демилгечиси депутат Дастан Бекешев. Мыйзам долбоору Жазык кодексинин "Расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" 313-беренеси менен квалификацияланган араздашууну козутуунун негизиндеги кылмыштарды 5 жылдан 7 жыл 6 ай мөөнөткө чейин эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазалоонун бир түрүн караган Жазык кодексин гумандаштыруу максатында даярдалганы жазылат. "Эгерде аталган иш-аракет биринчи жолу жасалган болсо, ушул мыйзам долбоору менен II категориядагы айып пул салуу менен жазалоо сунушталат. Ал иш кайталанса, эркинен үчүнчү эмес, экинчи категория боюнча ажыратуу сунушталган. Анда жашы жете электер 1,5 жылдан 2,5 жылга чейин, андан жогору жаштагылар 2,5 жылдан 5 жылга чейин кесилет", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.
