super.kg logo

Ноокат районунда "Тынчтыкты куруу" темасына арналган фестиваль-жарманке өттү (сүрөт)

 

Ош облусунун Ноокат районундагы Бел айылында 100дөн ашык адамдын катышуусу менен “Тынчтыкты куруу” темасына арналган фестиваль-жарманке болуп өттү. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду маалымдады.

Жарманкеде мектеп жамааты, бала-бакча жамааты, жаштар уюму, айыл өкмөт аппараты, “Шыктан” борбору, өздүк жардам топторунун өкүлдөрү буюмдарды, өздөрү жасаган тамак-аштарды чыгарып көрсөтүшкөн.

Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Максат Доорбаев “Мигрант аял-өнүгүү түркүгү” долбоору жергиликтүү жашоочулар үчүн көптөгөн пайда алып келип жатканын билдирип, долбоордун жамаатына, анын ичинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондуна ыраазычылыгын билдирген.

"Иш-чарада тынчтыкты куруу боюнча эксперт Мавлюда Тынаева жашоочуларга маалымат берип, төкмө акын Кутман Садыбакасов тынчтыкты куруу, ынтымакты бекемдөө жөнүндө ырдады. Жергиликтүү спонсорлордун колдоосу менен концерт коюлуп, жарманке катышуучулары үчүн конкурстар уюштурулду. Мектеп окуучулары арасында дилбаян жазуу сынагында байгелүү орундарды алган жеңүүчүлөр сыйланып, кызыктыруучу орун алгандарга белектер ыйгарылды. Жарманкенин жыйынтыгында тынчтыкты куруу темасында 20 кишинин катышуусунда фокус группалык талкуу өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.


“Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоору БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун колдоосу менен БУУ аялдар түзүмү, Эл аралык миграция уюму, Эл аралык эмгек уюму менен биргеликте “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып келүүдө.

Долбоордун алкагында пилоттук айылдарда: Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс, Бел айыл өкмөттөрүнүн, Жалал-Абад облусунүн Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн, Баткен облусунун Кадам-Жай районундагы Орозбеков, Ак-Турпак айыл өкмөттөрүнүн жана Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кара-Буура айыл өкмөтү жана Кызыл-Адыр айылдарынын активисттеринин сунушу менен “Тынчтыкты куруу” темасына арналган ар кандай форматта саамалыктар уюштурулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: