Саламаттыкты сактоо министри алгачкылардан болуп коронавируска каршы эмдөөдөн өттү (фото)





Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы эмдөөдөн алгачкылардан болуп өттү. Анда министр жана анын орун басарлары №7 үй-бүлөлүк медициналык борборунда эмдөөдөн өттү.
Белгилей кетсек, бүгүн, 29-мартта өлкө аймагында коронавирус илдетине каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Анда алгачкылардан болуп саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн өттү. Андан кийин медицина кызматкерлери жана башкалар алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.