Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Бир медайым сутка ичинде 50-60 кишини эмдөөдөн өткөрүшү керек"
Бир күндө бир медайым 50-60 кишини эмдөөдөн өткөрүшү керек. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун директору Гульбара Ишенапысова билдирди.
"Бизде бир ай мурун коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүү үчун окутуулар өткөрүлгөн. Учурда бул пункт убактылуу эмдөөдөн өткөрүү үчүн уюштурулду. Бул жерге келген адам алгач компьютерден аты-жөнүн аныктап алып, эмдөөгө макулдугун берген документке кол коёт. Андан соң дарыгерлерге өтөт. Ал эми дарыгерлер текшерүүдөн өткөрүп, карта берип эмдөөгө медайымга жөнөтүлөт. Ал эми бир медайым сутка ичинде 50-60 кишини эмдөөдөн өткөрүшү керек", - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.