Жергиликтүү шайлоонун үгүт иштери башталгандан бери ИИМде 55 эреже бузуу фактысы катталды




Шайлоо таза өтүшү керек, добуштарды сатуу же сатып алуу фактылары каттала турган болсо, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.
Министр жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумду өткөрүүгө даярдануу учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо чараларын күчөтүүнү тапшырды. 29-март күнү шайлоого карата коопсуздукту күчөтүү боюнча ИИОнун бардык бөлүктөрүн камтыган онлайн кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеге ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын жетекчилери катышты.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумду өткөрүүгө даярдануунун жүрүшүндө 13-марттан 27-мартка чейин жалпысынан 55 маалымат катталган. Алардын ичинен 12 кылмыш, 13 материал жорук болуп саналат.
Улан Ниязбеков кеңешмеге катышкан ички иштер органдарынын жетекчилерине берилген тапшырмаларды так жана өз убагында аткарып, кемчиликтерди жоюну талап кылды.


1 |