Нарын районунда мал уурулуктун алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү






Нарын районунда мал уурулуктун алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Нарын районунун Өрнөк айылында ар аптанын ишемби күндөрү мал базар өткөрүлүп келет. Анда Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн тиешелүү кызматкерлери мал базарга мал сатып алуу жана мал сатуу максатында барган жарандардын коомдук коопсуздугун сактоо менен кылмыштуулуктун алдын алуу багытында иш алып барып келишет.
Мал базарга барган ар бир малдын биркалары текшерилип, ата-энесинин коштоосу жок барган өспүрүмдөргө карата профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары жергиликтүү бийлик органдары жана жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматкерлери менен биргеликте мал базарга барган унааларды иретке келтирүү боюнча түшүндүрмө берилип, атайын токтотуучу жайга унааларды токтотуу жагы каралган. Ошондой эле айыл өкмөт айыл башчылары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, ар кандай кылмыш-кырсыктардын алдын алуу максатында мал базардын ичине жана сыртына видеокамера орноштуруу жагы каралып, жакын арада орнотуулары айтылды.
