Бүгүн коронавирустан каза болгон экс-спикер Мукар Чолпонбаевдин туулган күнү
Бүгүн, 29-март легендарлуу парламенттин мурунку спикери Мукар Чолпонбаевдин туулган күнү. Мамлекеттик кызматкер көзү тирүү болгондо 70 жашка чыкмак.
Чолпонбаев 2020-жылдын 24-майында Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирус инфекциясынан улам кайтыш болгон.
Мукар Чолпонбаев 1950-жылы 29-мартта Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Өрүктү айылында туулган.
1976-жылы Кыргыз улуттук университетинин "Юриспруденция" кесиби боюнча билим алып, 1976-1984-жылдары Чолпонбаев Мукар Шалтакович Фрунзе шаарынын Биринчи Май районунун прокуратурасында тергөөчүлүк кызматтан өзүнүн эмгек жолун баштап, андан кийин Кыргыз транспорт прокуратурасында ага тергөөчү, Кыргыз ССРинин прокурорунун өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү болуп иштеген.
1984-1991-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун юридикалык бөлүм башчысынын орун басары жана башчысы кызматын аркалаган.
1991-жылы Жогорку Советтин депутаты болуп шайланган.
1991-1993-жылдары президенттик аппараттын сот жана мыйзам чыгаруу бийликтин байланышы боюнча бөлүм башчы, Чүй облусунун юстиция башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.
1993-1995-жылдары юстиция министри болуп иштеген.
1995-2000-жылдары Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, ал эми 1995-1996-жылы Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы болуп шайланган.
Чолпонбаев жогорку билим берүү тармагында окутуучулук ишмердүүлүгүн улантып, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде кафедра башчысы, 2000-жылдан бүгүнкү күнгө чейин юрист-адвокат, "Мукар жана профи" аттуу юридикалык-консалтинг компаниясынын директору болуп эмгектенген.
29-мартка карата жылнаама.
