"Коопсуздук-2021" машыгуусу. Баткен шаарына жана Баткен районуна коменданттык саат киргизилет




1-3-апрель күндөрү өтүүчү "Коопсуздук-2021" аталышындагы машыгууларга байланыштуу Баткен шаарына жана Баткен районуна коменданттык саат киргизилет. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-апрелинен 3-апрелине чейинки аралыкта Баткен облусунда биргелешкен “Коопсуздук 2021” аталышындагы командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулары өткөрүлөт. Иш-чара Баткен районунун Бужум айылында өткөрүлүп, ага облустагы күч структураларынын 600гө жакын кызматкерлери катышат. 100дөн ашуун ар кандай аскердик техника тартылат.
"Машыгуу күндөрү Баткен шаарына жана Лейлек районунун аймагына блок посттор коюлат. Баткен шаарына жана Баткен районуна коменданттык саат киргизилет. Коомдук тартипти көзөмөлдөөдө облус аймагындагы ИИОнун кызматкерлери күнү-түнү иш алып барат.
Мындай көрүнүштөр жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаратпайт. Ошондуктан “Коопсуз 2021” командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу мезгилинде жарандар тарабынан кооптонууга негиз жок. Сиздерден тартипти сактап беришиңиздерди суранабыз", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
