Эгемендүүлүк алгандан бери 114 саламаттыкты сактоо объектиси менчиктештирилгени айтылды
Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында менчиктештирилген объектилер талкууга алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1991-жылдан бери 114 саламаттыкты сактоо объектиси, 45 билим берүү объектиси, 58 маданият объектиси жана 52 спорт объектиси менчиктештирилген.
Талкуу маалында депутат Чынара Урумкалиева менчиктештирилип кеткен жайларды мамлекетке кайтарууда кандай чаралар көрүлүп жатканына кызыкты.
Өз кезегинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Үсөнбек Медетов мыйзамсыз менчиктештирилген жагдайда, менчиктештирилген жай башка максатта пайдаланылган учурда кайра мамлекетке кайтарылып жатканын кошумчалады. Муну менен катар мамлекеттик органдарга кеңсе катары берилип кеткен объектилер да кайра алынып жатканын айткан өкмөт өкүлү буга 89 бала бакчанын кайтарылганын мисал кылды.
