super.kg logo

УКМК Баткендеги контрабандалык ишке бөгөт коюлганын маалымдады (сүрөт)

 

2021-жылдын 26-мартында УКМК тарабынан "Баткен" бажысынын жардамы менен ыкчам изилдөө иш-чараларынын жүрүшүндө мандарин түрүндөгү контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташуу менен алектенген Баткен облусунун жергиликтүү тургундарынын контрабандалык иш аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу мекеменин тараткан маалыматында айтылат.

Анда Лейлек районунун тургуну Мерседес-Бенц автоунаасы менен кошуна өлкөлөрдүн аймагынан ташылып келген котрабандалык жүктү Кыргыз Республикасынын базарларында өткөрүү үчүн атайын өткөрүү пункттарын айланып өтмөк. Контрабанда продукциясынын жалпы көлөмү 3 тоннадан ашык болгон. Бажы төлөмдөрүнөн качып төлөнбөгөн сумма болжол менен 50 миң сомду түзөт.
Ошондой эле Баткен облусунун Миң-Булак айылынан котрабандалык жол менен ташылып келе жаткан Баткен облусунун тургунунун башкаруусундагы Mercedes-Benz Sprinter автоунаасынан жалпы салмагы 3 тоннаны түзгөн контрабандалык жүк кармалган.

"Азыркы учурда кармалган жүктүн базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө боюнча "Баткен" бажы органдары тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Жүктүн жалпы суммасы болжолдуу түрдө 250 миң сомго бааланууда.
Контрабандалык жүк жана транспорт каражаттары тиешелүү коштоочу документтер менен бирге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.03.2021. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Фуралап кирип аткан контрабандаларды эч кармабайсынар э
30.03.2021. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бензин күйүүчү май да кирип тажиктерден сухофрукты чыгып жатат дейт көргөндөр
30.03.2021. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фуралар башка спринтерлерди кармабайсынарбы?уятда эми 1спринтер жукту корсотконунор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: