Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолор болду
Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолор болду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
- Кирешеев Нурлан Исабекович коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
- Ибраев Акылбек Омукеевич коргоо министринин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
- Карасартов Алмазбек Оганович коргоо министринин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
- Тердикбаев Эрлис Жекшенович Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы болуп дайындалды;
- Мукамбетов Руслан Мустафаевич Коргоо министрлигинин Түштүк-Батыш ыкчам командачылыгынын командачысы болуп дайындалды.
Мындан сырткары, мамлекет башчынын кол койгон буйругуна ылайык, Чомоев Нурлан Нуридинович Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулду.
