super.kg logo

Кырсыкка кабылган ырчы Нурчолпондун абалы. Ал Коргоо министрлигинин оркестри менен Баткенге бара жаткан

 

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа оодарылып кетип, Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөп жаткан жоокер каза болгону кабарланган. Аталган кырсыктан ырчы Нурчолпон дагы жабыркады.

Учурда ырчынын абалы канааттандырарлык экени апасы тарабынан белгилүү болду. Ал эми Нурчолпон кырсыкка кабылгандан кийин жабыркагандарды Кара-Балта шаарындагы оорукананын коридорунда жатканын айтты.

"Бизди Кара-Балтанын ооруканасына алып келип коюшту, коридордо жатабыз. Госпиталга алып кетише элек, бизге өз убагында тез жардам көрсөтө албагандыгы өкүнүчтүү болуп жатат", - деген ал социалдык тармактагы билдирүүсүндө. Кийинчерээк ырчы дагы билдирүүлөрдү жарыялап, анда "Тез жардам" кызматындагылар жолдон токтоп, тамактанып алалы дешкенин, жабыркагандар жеке унаалары менен ооруканага барайын десе, унаадан чыгарбай жатканын кошумчалаган.

Эске салсак, 29-мартта Бишкек-Ош жолунда аскердик унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен А.Н, аттуу адам каза болуп, дагы бир жоокер колунан жаракат алганын Борбордук штабдан кабарлашкан.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жол кырсыгы саат 12:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 159-чакырымында катталып, КамАЗ-Вахтовка үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен А.Н. аттуу аял каза болуп, 5 адам ар кандай жаракаттарды алганын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: