Бишкектеги №5, №14 троллейбустары мурунку режимде иштеп баштады

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 30-мартта №5 жана №14 троллейбустары мурунку режимде ишин улантып баштады.
"Кечээ Шота Руставели көчөсү менен Жал кичи районундагы бөлүмдөгү подстанцияда кырсык болгондугуна байланыштуу тармактын ашыкча чыңалуу коркунучу жаралгандыктан, троллейбустардын каттамында убактылуу өзгөрүүлөр болгон. Ал эми бүгүн подстанцияда кырсык калыбына келтирилип, №5, №14 троллейбустары мурунку режимде иштеп баштады", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ Туңгуч кичи районунан Жал кичи районуна чейин каттаган №5 троллейбус Туңгуч кичи районунан 8-кичи районго чейин убактылуу каттап, ал эми №14 троллейбустун каттамы ишин убактылуу токтоткону кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.