super.kg logo

Ош шаарында Эл аралык театр күнү белгиленди (сүрөт)

 

29-мартта Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Эл аралык театр күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бактыбек Алайчиев, маданият жана искусство чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана чыгармачыл чөйрө катышкан. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

"Иш-чаранын жүрүшүндө театр искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн маданияттын жана искусствонун эмгек сиңирген кызматкерлерине, анын ичинде Ош шаарынын жазуучуларына, сүрөтчүлөрүнө жана музыканттарына Ардак грамоталар, дипломдор жана “Маданияттын отличниги” наамдары тапшырылды.

Мындан тышкары пандемия учурунда жарандарга руханий кызмат көрсөтүүнү мыкты уюштургандыгы үчүн Апас Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын эмгек жамааты 200 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Театрлаштырылган спектаклдердеги мыкты ролдору үчүн ар кандай театрлардын артисттерине өзүнчө сыйлыктар берилди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: