super.kg logo

УКМК: "Баткен облусунда помидор контрабандалык ишине бөгөт коюлду"

 

УКМК контрабандага каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында, тиешелүү ыкчам издөө иштерин жүргүзүүдө.
27-мартта "Жаны-Жер" чек ара заставасынын аскер кызматкерлеринин жана чек-ара кызматынын ыкчам иштөө башкармалыгы менен биргеликте, Баткен райондук сотунун санкциясы боюнча, "Шоро" май куюучу жайынын кампасы тинтүүгө алынган. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тинтүүнүн жыйынтыгында, кампанын аймагында Кыргыз жараны Р.С.Х.га таандык Volvo чиркегичи менен жүк ташуучу автоунаа жана К.А.Р.га таандык болгон Mercedes-Atego автоунааларынан коңшу өлкөнүн жарандары А.А. жана С.М.га таандык контрабандалык жол менен жүктөлгөн 19 тонна помидор табылып алынды.
Кармалган адамдар Баткен райондук ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда унаанын айдоочуларына карата тергөө иш-чаралары жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча алардын аракеттерине укуктук баа берилмекчи.


Аталган иштин материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Учурда бул иш боюнча фактылык жагдайларды жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.03.2021. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми помидор дагы кымбаттайт экен да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: