super.kg logo

"Чечме булагы боюнча сүйлөшүү жүргүзөт". Кадамжайда 200гө чукул адам Камчыбек Ташиевдин келүүсүн күтүп жатышат (сүрөт)

 

Бүгүн, 30-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев
Бирлик айыл аймагынын административдик имаратында аталган айылдын жергиликтүү калкы менен Чечме тилкеси боюнча жолугушуу өткөрө турганы күтүлүүдө. Жергиликтүү тургундун SUPER.KG порталына билдирген маалыматына ылайык, жыйынга катышууга болжол менен 200гө чукул адам топтолду. Ал билдиргендей, Ташиев саат 11ге белгиленген жыйынга кечигип жатат жана чогулгандар аны күтүүдө.

"Жергиликтүүлөр сүйлөшүүнүн жыйынтыгына каршы. Негизи Чечме булагын буга чейин эле коңшу тарап менен чогуу колдонуп келгенбиз. Бул чечим кабыл алынса, биз булагыбыздан дээрлик ажырап калуу коркунучунда калабыз.

Ташиев келип Бирлик айыл аймагынын административдик имаратында жолугушуу өткөрө турганы күтүлүп жатат. Бирок биз аны Чечме булагы жакка алып барып, ошол жерден маселени айтып берсек түшүнүктүү болмок", - деди жергиликтүү тургун.

Буга чейин "Чечме булагын эки тарап чогуу колдонот деген чечимге эл нааразы" деген жарандык активист Каныбек Парманов SUPER.KG порталына пикирин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: