super.kg logo

SUPER.KG буга чейин жардам сурап кайрылган каарманынан кабар алды

 

Буга чейин төрт баланын энеси Айнура Дооткулова SUPER.KG порталына жардам сурап кайрылган. Былтыркы жылдын 21-сентябрында үч кыздан кийин төртүнчү баласын төрөп жатканда кан басымы көтөрүлүп эс-учун жоготкон. Ошол учурда баланын башы кысылып калган. Эне-бала башында 1 ай жандандыруу бөлүмүндө жатып, баласы Раянга эпилепция ДЦП диагнозу коюлган. Бул диагнозго чалынгандарды Кыргыз өлкөсүнүн медицинасы дарылай албаганына байланыштуу Индияда операция жасатууга мажбур эле. Бирок жалгыз бой эненин каражаты жетпей жатканын айтып, кайрымдуу элден жардам сураган. Андан бери арадан 1 ай өттү. "Раяндын ден соолугунда кандай өзгөрүү болду? Каражат чогулдубу?" деген суроо менен байланыштык.

"Жашоом бир кара түтүнгө айлангансып калды. Жалгызмын, төрт баламдын келечеги эмне болот деген ой мени жашатып турат. Сиздерге рахмат, тартып кеткен репортажды көрүп кийим, памперс жана 10 миң сомдой акчалай жардам түштү. Уулумдун эпилепциясы кармап турат. Бир кармаганда оор абалда жандандыруу бөлүмүндө дагы 20 күн жатты. "Баламдан айрылып каламбы" деп корктум. Жараткан кайра мээримдүүлүгүн көрсөтуп бизге дагы бир мүмкүнчүлүк бергендей болду. Каражат толугу менен чогулуп эртерээк Раянымды дарылатып алууга элимден дагы жардам сурайм. Күн санап оору оорлошуп эле баратат. Буга чейин айтылгандай эле уулумдун мээси кургап, жакында дагы бир диагноз кошушту, мээсинде киста пайда болуптур. Жалпылап айтканда, 14 миң доллар каражат керектелет. Ата-энем өзү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, туугандарым деле орто жашашат. Мындайча айтканда, кыргыз элимден башка үмүттөнгөн адамым жок", - деди ал.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн:

Optima Bank 4169585348307843

Элкарт 9417019308325115
Элсом 0707 408 450
VISA 4177490156300073
Байланыш үчүн номер: 0707 408 450.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.03.2021. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ееех жаш балдар орубасынчы Алахым дарты берген шыпасын дагы кошо берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: