Жергиликтүү кеңешке шайлоонун үгүт иштери учурунда 21 кылмыш иши катталды
Бүгүн, 30-мартта ИИМдин өкүлдөрү маалымат жыйын берүүдө. Анда 11-апрелде өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумдагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аткарылуучу иштер тууралуу кеп болду.
Ага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов, Тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Нурдин Эшимкан уулу, Жоруктар боюнча ИИМ башкармалыгынын башчысы Сапар Аманкулов катышты.
Алардын айтымында, шайлоого карата ички иштер министринин буйругунун негизинде, атайын штаб түзүлдү.
"Республика боюнча 2 миң 435 шайлоо участкасы болсо, аны кайтарууга 5 миңден ашык кызматкер алынат. Мындан сырткары жол кыймылынын коопсуздугун сактоо жана кылмыштуулукка жол бербөө максатында 11 миңден ашуун кызматкер күчөтүлгөн режимде иш алып барышат.
Учурда партиялар арасында үгүт иштери жүрүп жатканына байланыштуу ар кандай маалымат келип түшкөн. Жалпы 78 факты катталган. Анын ичинен кылмыштар - 21, жоруктар - 15, бузуулар - 4, калган 38 факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдирди Нурдин Эшимкан уулу.
