Камчыбек Ташиев: "Кыйынчылыктарга карабастан чек ара маселелерин чечүү керек"

"Менин дагы, президент Садыр Жапаровдун дагы Кыргыз жерин саткан адамдар деген ат менен тарыхта калгыбыз келбейт", - деди УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Бирлик айылдык кеңешинин тургундары менен жолугушууда.
Ал белгилегендей, чек ара маселелерин чечүүдө Садыр Жапаров экөө өлкөнүн мурунку бийлигинин тушунда кол коюлган документтер менен эсептешиши керек.
"Буга чейин документтештирилген көптөгөн жер тилкелери бар. Ал тургай жергиликтүү бийлик жер тилкелерин, бүтүндөй совхоздорду өткөрүп беришкен”, - деди УКМКнын башчысы.
Ал чек аранын айрым тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын ар бир чечими ачык болорун убада кылды.
"Кыйынчылыктарга карабастан, чек ара маселелерин чечүү керек. Ошентип мен жоопкерчиликти өз мойнума алдым. Албетте, эл каршы болсо, айрым чечимдер аткарылбай калышы мүмкүн, бирок делимитация жана демаркация маселелери аягына чыгышы керек", - деди Ташиев.
Бүгүн, 30-мартта саат 17.00дө Ташиевдин Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуусу болот.
Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев менен биргеликте Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзө турганы маалымдалган.
Эскерте кетсек, буга чейин "Чечме булагын эки тарап чогуу колдонот деген чечимге эл нааразы" деген жарандык активист Каныбек Парманов SUPER.KG порталына пикирин билдирген.




1 |