super.kg logo

Ырчынын өмүрүн алган жол кырсыгы. Учурда Аскер госпиталында 10 адам дарыланууда

 

Бишкектеги Аскер госпиталында Ош-Бишкек унаа жолунда куралдуу күчтөрүнүн унаасы оодарылып кеткен кырсыктан жабыркаган он адам дарыланууда. Бул тууралуу аталган госпиталга байланышканыбызда маалым болду.

"Учурда биздин госпиталда 10 адам дарыланууда. Алардын ичинен экөөнү туугандары шаарга алып кеткени жатышат. Баарынын абалы туруктуу", - деп билдиришти аталган госпиталдан.

Буга чейин Бишкек-Ош унаа жолунда унаа оодарылып кетип, Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөп жаткан жоокер каза болгону кабарланган.

Кийинчерек бул жол кырсыгынан Куралдуу күчтөрдүн оркестринде ырдап жүргөн аял каза болгондугу маалым болду. SUPER.KG порталына жол кырсыгынан каза болгон ырчы айым Нурзат Ажыгожоеванын жакын санаалаштары маркумдун артында 3 баласы жана жолдошу калганын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: