super.kg logo

114 өлкөнүн билим берүү министрлеринин башын бириктирген онлайн-кеңешме өттү

 
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев "COVID-19 менен өткөн бир жыл: бүгүнкү муун үчүн апааттан качуу үчүн билим берүүнү калыбына келтирүү боюнча приоритет" деген темадагы онлайн-кеңешмеге катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, дүйнө жүзүнөн 114 өлкөнүн билим берүү министрлери катышкан жогорку деңгээлдеги онлайн-кеңешмени ЮНЕСКО уюштурган.
"Аталган кеңешменин максаты билимге, фактыларга негизделген жана билим берүү уюмдарынын ишин калыбына келтирүү процессин түзүү үчүн прецендентсиз кырдаал шарттарындагы натыйжалуу көп тараптуу өз ара аракеттешүү жана кызматташуу менен бышыкталган практикалык тажрыйба алмашуу болду.
Кеңешмеде министрлер COVID-19 пандемиясынын шарттарында жалпы билим берүүчү мектептерде окуу-тарбиялоо процессин жана аралыктан окутуу форматын уюштуруу тажрыйбаларын бөлүшүштү.
"Мектептердин ишин жандандыруу, приоритеттерди аныктоо жана мугалимдерди колдоо" темасында сүйлөгөн сөзүндө Алмазбек Бейшеналиев өлкөбүздө билим берүү контенти онлайн форматка которулганын, 7000ден ашуун видеосабак даярдалып, ырааттама боюнча эки мамлекеттик телеканал аркылуу көрсөтүлгөнүн айтып берди.
Алмазбек Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын өкмөтү бүткүл өлкө боюнча билим берүү мекемелерин жабуу тууралуу жалпы буйрук чыгаруудан баш тартканын, анын ордуна өлкө жергиликтүү бийлик органдарына жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаалга жараша окуу процессин токтото туруу тууралуу чечимди өз алдынча кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн бергенин баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: