"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 2 миллион 239 миңден ашуун айдоочу жол эрежесин бузган

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 2019-жылдын 4-мартынан 2021-жылдын 26-мартына чейин 2 миллион 239 миңден ашуун айдоочу жол эрежесин бузган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
1 миллион 405 миң 338 айдоочу жогорку ылдамдыкта унаа башкарган;
282 миң 451 айдоочу жол белгилеринин талаптарын бузган;
252 миң 661 айдоочу жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү жол сызыктарынын талаптарын бузган;
176 айдоочу миңден ашуун стоп-линиясын кесип өткөн;
33 миң 701 жолу жол чырагынын тыюу салган жарыгына айдоо же жөнгө салуучунун талаптарын аткарбоо;
66 миң 643 жолу озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу менен кыймылдын каршы тилкесине чыгуу;
18 миң 323 жолу маневр жасоо эрежелерин бузуу;
3 миң 815 жолу токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;
44 жолу жөө адамдар өтүүчү тилкелерден өтүү, тротуар менен айдоо.
Бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдеринин талаптарына ылайык, мониторинг борборунун комиссиясынын кароосунда, жол кыймылынын эрежелерин бузуучулар тарабынан 7 миң 843 кайрылуу келип түшкөн.
118 жолу отурум өткөрүлүп, отурумда 7 миң 777 жол эрежесин бузган учурлар каралып, анын ичинен 2 миң 43 чечим өзгөртүүсүз күчүндө калтырылган. Ал эми бузуулар боюнча 5 миң 734 өндүрүштө токтотулган. Пандемия учурунда жарандарыбызга медициналык жардам көргөзгөн ыктыярчылардын кайрылуусунда 670 эреже бузуу жокко чыгарылган.
