Башкы штаб: "Баткенге концерт койгону бара жатып кырсыкка кабылган ырчылар Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери"
Куралдуу күчтөрдүн Баткенге бара жатып автокырсыкка учураган унаасында ырчы Нурчолпон, белгилүү кыл кыякчы Залина Касымова дагы болгон. Мындан тышкары 10 адам жабыркап, 1 ырчы каза болгону маалымдалды. Дагы кайсы маданият өкүлү кырсыкка кабылган КамАЗда болгонун билүү үчүн Башкы штабга кайрылдык.
Штабдын билдирүүсүнө ылайык, Куралдуу күчтөрдүн оркестринде канча ырчы иштегени, алардын аты-жөнү айтылбайт.
"Жол кырсыгына кабылгандар биздин штабдын кызматкерлери болуп саналат. Алар форма кийишпейт, бирок кызматкер катары айлык алып иштешет. Алардын кызматы - майрамдарда, ушундай окуулардын алдында концерттик программа уюштуруу. Мындан улам биз кызматкерлерибиздин аты-жөнүн айта албайбыз.
Бизде мындай окуя биринчи жолу болуп жатат. Азыр өзүбүздүн ички иликтөөбүз башталды. Бул боюнча Аскер прокуратурасына доклад жөнөтүлдү. Иликтөө аяктагандан кийин ырчылардын КамАЗ менен сапарга чыкканы, аларга кандай жардам көрсөтүлөрү анык болот", - дешти мекемеден.
Окуянын чоо-жайы:
Буга чейин Бишкек-Ош унаа жолунда унаа оодарылып кетип, Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөп жаткан жоокер каза болгону кабарланган.
Кийинчерек бул жол кырсыгынан Куралдуу күчтөрдүн оркестринде ырдап жүргөн аял каза болгондугу маалым болду. SUPER.KG порталына жол кырсыгынан каза болгон ырчы айым Нурзат Ажыгожоеванын жакын санаалаштары маркумдун артында 3 баласы жана жолдошу калганын билдиришкен.
Бүгүнкү күндө Аскер госпиталында он адам дарыланууда.
