Бишкек шаарында 200гө чукул кудуктун капкактары жана темир торчолор ордуна коюлду
"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы 200гө чукул темир кудуктун капкактарын жана темир торчолорду ордуна коюп чыкты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, жыл башынан бери 188 темир торчолор ордуна коюлду. Тилекке каршы, кудуктардын капкактарын жана темир торчолордун көпчүлүгү көчөлөргө кайталанып коюлууда.
Акыркы жолу кудуктардын капкактары жана темир торчолор төмөнкү көчөлөргө коюлду:
- Кустанайский жана Волков көчөлөрү;
- Баялинов жана Махатма Ганди көчөлөрү;
- Профсоюзная жана Ак-Эмгек көчөлөрү;
- Шабдан Баатыр кең көчөсү Валиханов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чыейин.
"Урматтуу шаардыктар, суранабыз темир капкактарды уурдабаңыздар! Бул абдан коркунучтуу. Эгер капкактардын уурдалып бара жатканын көрсөңүздөр 102 номуруна кайрылыңыздар же "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын WhatsApp 0550 888162 номерине жазыңыздар", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Nursul

31.03.2021. 08:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай капкактарды сварка менен вартетип эле салышса кандай болот көп жерден көрүп атам капкактарын уурдап кетип атышат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.