super.kg logo

УКМК: "Күйүүчү-майлоочу материалдарды ташуу үчүн салондоруна контейнер орнотулган автоунаалар кармалды" (сүрөт)

 

29-мартта УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 39-358-беренесинин 1-бөлүмүндөгү кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө, Баткен райондук сотунун санкциясына ылайык, Баткен облусунун Лейлек районунун Жаштык айылынын жанында жайгашкан кампага жана ага жакын жердеги "BS-Petrol" май куюучу жайына тинтүү жүргүзүлгөн.


Тинтүү иштеринин натыйжасында, күйүүчү-майлоочу материалдарды ташуу үчүн салондоруна атайылап жасоо жолу менен контейнерлер орнотулган Ssang Yong Musso жана Opel Zafira автоунаасы алынды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.


"Кармалган унаалар УКМКнын чек ара кызматынын "Кайрагач" текшерүү пунктуна жеткирип берилди.
Азыркы учурда фактылык жагдайларды жана контрабандага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: