super.kg logo

Ат-Башы РИИБинин кызматкерлери өрт кырсыктарынын алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүштү

 

Нарын облусунун Ат-Башы милициясы өрт кырсыктарынын алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан учурда коомдук жайларда орун алган өрт кырсыктарынын көбөйгөндүгүн эске алуу менен жашы жете элек балдарды, мектеп окуучуларын ар кандай бөөдө кырсыктардан, терс жагдайлардан сактап калуу, алдын алуу чараларды көрүү жана болтурбоо максатында иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Ат-Башы РИИБинин кызматкерлери, Ат-Башы райондук, жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери катышып райондун аймагындагы соода борборлор, базарлар, дүкөндөр жана тез татым саткан жайлардын ээлерине көбүнчө газ баллондор менен иштегендиктен өрткө керектүү баллондорун текшерген учурда айрым жерлерде мөөнөттөрү өтүп кеткендиги жана тиешелүү жерлерге өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча шиттер орнотулбагандыгы аныкталды.

Ошондой эле өрт коопсуздуктарын алдын алуу менен өрткө керектүү шиттерди орнотуп, ичине өрт өчүрүүгө керектүү болгон балондорду, кумду жана башка керектүү шаймандарды жакынкы аралыкта толуктоолор боюнча тиешелүү кызматкерлер тарабынан эскертүүлөр берилип алдын алуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: