super.kg logo

Баткенде калктын жетиштүү тамактануусуна багытталган атайын долбоор ишке ашууда

 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев ЮСАИД уюмунун "Мыкты азыктануу" долбоорунун, Кыргыз өлкөсүндөгү директору Назгүл Абазбекова баштаган өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жетекчилер "Мыкты азыктануу" долбоорунун артыкчылыктарын талкуулашып, саламаттыгы чың, акыл-эстүү муундун өсүп чоңоюшу, жетиштүү, туура жана толук баалуу тамактануу менен байланыштуу экенин белгилешип, бул багытта комплекстүү иш-чараларды жүзөгө ашырууну макулдашышкан.

"Тараптар Баткен облусунда калктын, өзгөчө балдардын жана энелердин жетиштүү тамактануусу боюнча планын ийгиликтүү ишке ашыруу, жумушчу топ түзүү менен бул багытта ишти илгерилетүүнү сүйлөшүштү", - деди маалымат катчы.

Белгилей кетсек, адистер Кыргыз өлкөсүндө 10 баланын бири гана жетиштүү тамактанарын белгилешет. Ошондой эле жетишсиз жана туура эмес тамактануу, өлкөнүн социалдык абалына жана өнүгүүсүнө таасирин тийгизүүсү толук мүмкүн экендиги боюнча коңгуроо кагып келишет.


Мындан улам балдардын жана энелердин жетиштүү тамактануусу үчүн “Мыкты азыктануу” долбоорун ишке ашыруу учур талабы дейт жетекчилер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: