Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспорттордо санитардык рейд жүргүздү






Борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Буга байланыштуу шаардык мэрия коомдук транспорттордогу санитардык эрежелердин сакталышын текшерди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бул жолу пандемиянын шарттарын бузгандарга эскертүү берилди. Бир нече жолу эреже бузулгандыгы, бет кап тагынуу режимин сактабагандыгы, тазалагычтын жоктугу үчүн "Бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык административдик протоколдор түзүлөт.
"Мэриянын шаардык транспорт бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана патрулдук милиция кызматы, Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы транспорттук инспекция жана Бишкек шаарынын борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы менен биргеликте коомдук транспорттордун салондорундагы санитардык эрежелердин сакталышын текшерди.
Ошондой эле шаар мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов транспорттук кызматтарга автобустарга, троллейбустарга жана маршруттук таксилерге санитардык рейддерди күчөтүүнү тапшырды", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, февраль айынын башынан бери борбор калаанын коомдук транспортторунда санитардык көзөмөл жүргүзүлүп, ушул убакыт аралыгында 815 унаа текшерилип, айып пулдардын жалпы суммасы 151 миң сомду түздү.
