Жайыл районунда эркек киши катуу сабалып, ооруканада каза болду
Чүйдүн Жайыл районунда эркек киши катуу сабалып, ооруканада каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-март күнү аймактык ооруканадан милицияга денесинен жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн эркек киши жөнүндө маалымат берилген. 28 жаштагы жаран эртеси күнү ооруканадан каза болуп калган.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Анда алдын ала маалыматтар боюнча 27-март күнү саат 01:00 чамасында Новониколаевка айылында маркум катуу сабалган. Ал эми мушташка катышкан бардык жарандар кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.