super.kg logo

Камчыбек Ташиев: "Мен Кемпир-Абаддын боюнда мал кайтарып чоңойгом"

 

Бүгүн, 30-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуп, чек ара маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жолугушууда Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча айтылып жаткан маселелерге токтолду.

"Кээ бирөөлөр "суунун башын сатып жибердиңер" деп жатышат. Суунун башы тээ жогору "Салам Аликте" турат. Ошол жактан биздин эл суунун баарын колдонуп, бизден ашканы гана бул суу сактагычка агып келет. Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча айтайын. Бул кечээ, бүгүн пайда болгон маселе эмес. Бул мен же Садыр Жапаров чыгарган маселе эмес. СССРдин тушунда суу сактагыч курулуп, ошол убакта пайда болгон маселе. Муну чечүү биздин бешенебизге жазылган экен, ачык-айкын чечип, элге түшүндүрүп жатабыз. Кимдир бирөөгө жашыруун барып, сүйлөшүп туруп анан ачыктап жаткан жерибиз жок.

Мен өзүм ушул Кемпир-Абаддын боюнда мал кайтарып чоңойгом. Ата-энем да ушул жерге жайлоого чыгышчу. Мен кантип эле кыргыздын бир карыш жерин башкага берип жиберейин?", - деди Ташиев.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: