ЖЫЛНААМА, 30-МАРТ: "Туулган күнүмдү куттуктап келгендерди өзүм жасаган тамактар менен коноктодум". Ырчы Аяна Касымова 22 жашка чыкты
Бүгүн, 30-мартта белгилүү ырчы Аяна Касымова 22 жашка толду. Туулган күнүн түнкү саат 00:00дө белгилей баштаганын айткан ырчы, досторуна, ата-энесине ыраазычылыгын билдирди.
"Туулган күнүмдү эң жакшы маанайда үй-бүлөм, досторум менен тосуп жатам. Түнкү саат 12:00дө досторум куттуктап келишти. Аларды өзүм жасаган торт, салаттар менен коноктодум. Эң башкысы элибизде аманчылык болсун. Калганын аракет кылып жасап алабыз", - деди ырчы.
Аяна Касымова Бишкек шаарында 1999-жылы ушул күнү чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ырчы 3 жашынан баштап "Ак Шоола" балдар хоруна барган. Аяна Касымова ырчы Айыма Айылчиева менен биргеликте "Атам менен энеме" жана өзү "Сүрөтүңө" ырларын жаңыртып ырдагандан кийин жалпы коомчулукка таанылган.
Аяна Касымова буга чейин Селин Дион сыяктуу популярдуу ырчылардын ырларын камтыган биринчи альбомун чыгарган.
30-мартка карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
nazira...

31.03.2021. 09:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыз тан, Анжелика, Асел, Самаралар бир тан. Молодец, тарбиясы өтө жакшы кыз. Бактылуу бол, өз тенини тап, жакшы жаны ырларды ырдап чык эми бизге.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.