super.kg logo

Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды (өмүр баяны)

 

Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган фонддун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Бакиров фонддун жалпы жамааты менен тааныштырылды. Учурда ал иш ордунда отурат.

Мирлан Бакиров 1975-жылдын 11-майында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында туулган.

Ал Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бухгалтердик эсеп адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1996-жылы Мамлекеттик салык инспекциясынын Жалал-Абад облусу боюнча акциз бөлүмүндө инспектор болуп иштөөдөн баштаган.

1998-1999-жылдары "Жалал-Абад АА" корпорациясынын башкы бухгалтери;

1999-2003-жылдары Жалал-Абад облфинбашкармалыгынын бюджет бөлүмүнүн башчысы;

2003-2005-жылдары "Марьям и Ко" ЖЧКсынын директорунун орун басары;

2005-2010-жылдары "Дан-Юг" ЖЧКсынын директору;

2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты;

2015-жылы "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган;

2017-жылы 13-декабрда Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары болуп шайланган;

2020-жылы вице-спикерликти өз ыктыяры менен тапшырып берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
30.03.2021. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мекеним Кыргызстан партиясынын лидери, Райым Миллионду колдогон митингдин катышуучусу Бакиров деп да кошуп коюш керек эле. Эми фондго барып Райым Жана коррупционерлердин мүлктөрүн кайрай өздөрүнө тапшырып берет турбайбы. Мына сага люстрация!!!
30.03.2021. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Охоо.
Раимдин кишилерине мамлекеттин мулкторун тапшырып.
Карышкырга кой кайтартат экенбиз да...
30.03.2021. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайран кыргыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: