super.kg logo

Муфтий шайлоо боюнча курултайдын мөөнөтү жылды

 

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысын шайлоо боюнча Аалымдар кеңешинин курултайынын мөөнөтү 29-майга белгиленди.

Бул тууралуу SUPER.KG порталына Аалымдар кеңешинин маалымат кызматынан ырасташты.

Маалыматка ылайык, мындай чечим муфтийликке талапкерлерди караган Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы Мамасабыр Досбол уулунун сунушун эске алуу менен кабыл алынган.

Бирок азырынча курултайдын датасын жылдырууга негиз болгон себеп ачык айтыла элек.

Эске салсак, Мамасабыр Досбол уулу 5-апрелге белгиленген курултайды жылдырууну кечээ, 29-мартта сунуштап, Аалымдар кеңешинин төрагасына кат жолдогон.

Буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.

Ошондой эле 11-февралда экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кыргызстан мусулмандарынын мурунку муфтийи Максатбек ажы Токтомушевди үй камагына чыгарганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
30.03.2021. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коркутуулар болуп жатат экен дебеди беле..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: