super.kg logo

Премьер-министр жарандарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого чакырды

 

Премьер-министр Улукбек Марипов республикадагы коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалга тийиштүү кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Республикалык ыкчам штабдын төрагасы, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков медициналык мекемелерди COVID-19 оорусунун көбөйүү ыктымалдыгына даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов белгилегендей, саламаттыкты сактоо тутуму, медициналык адистер оорунун өсүүсүнө даяр болушу керек.

"Бишкек шаарында жана Чүй облусунун айрым райондорундагы оорунун өсүшү боюнча абал кооптондурууда. Биз окуянын ар кандай өнүгүү варианттарына, анын ичинде абалдын начарлашына даяр болушубуз керек. Саламаттыкты сактоо уюмдары, биринчи кезекте медициналык кызматкерлер жеке коргонуу каражаттары менен, бейтаптарды дарылоо үчүн тийиштүү дары-дармектердин запасы жана жабдуулар менен камсыздалышы керек. Өзгөчө көңүлдү балдардын ден соолугуна, мектептерде жана бала бакчаларда санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоого буруу керек. Республикалык ыкчам штаб ишти активдештирип, эпидемиологиялык абалды мониторингдөөсү жана көзөмөлдү күчөтүүсү керек. Абал начарлап кеткен учурда өз учурунда чараларды кабыл алуусу тийиш", - деди ал.

Премьер-министр жарандарды өзүнүн жана жакындарынын ден соолугуна жоопкерчиликтүү болууга жана бет кап тагынуу жана социалдык обочолонуу сыяктуу элементардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого чакырды.

"Өзгөчө коомдук жайларда жана эл көп чогулган жерлерде жарандар өзүн коргошу керек", - деди ал.

Тармактык мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды ташуу ишин улантуусу тапшырылды.

Мындан тышкары, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жеке медициналык борборлор менен калкты акы төлөө жана ыктыярдуу негизде коронавируска каршы вакцинациялоо жүргүзүү маселесин иштеп чыгуусу тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.03.2021. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Министр мырза коопсуздукту сактоо бойунча чечкиндуу чараларды киргизиниз себеби эртен дагы кеч болуп калат.Эл коп чогулган жерлерди катуу козомолго алыш керек таможныйды анализ менен киргизгиле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: