super.kg logo

Депутат Бишкек-Москва аба каттамдары боюнча билеттердин наркын көзөмөлдөө керектигин айтты

 

Депутат Тынчтыкбек Конушбаев Бишкек-Москва аба каттамдары боюнча билеттердин наркын көзөмөлдөө керектигин айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тынчтыкбек Конушбаев Бишкек-Москва аба каттамы боюнча билеттердин баасын көзөмөлдөө зарылчылыгына токтолду. "Билеттердин наркы 52 миң рублге чейин жогорулап, карапайым калк үчүн оорчулук туудурууда. Ал тургай авиакассалар жарандардан учуу негиздемеси үчүн кошумча 5-10 миң рублден алууда. Бул эмне деген коррупциялык схема? Силер Орусиянын тиешелүү кызматтары менен сүйлөшө турган ыйгарым укуктуу органсыңар. Эмне үчүн оңдуу чечим чыгара албай жатасыңар?" - деген суроо койду.

Жарандык авиация агенттигинин директору Бакыт Жунушалиев авиа ташуучулардын Орусиянын авиациясына жана Транспорт министрлигине карата жасаган кайрылуулары натыйжасыз болуп жатканын маалымдап, аталган маселени чечүү милдети керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча Орусиянын тиешелүү органдарына таандык экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
31.03.2021. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Учуу негиздемеси керек эмес болуп калды дешти эле го,анда неге дале сурап жатышат өзүбүздүн аэропорттон
31.03.2021. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirlanpiter,Основанисиз белет сатпай жатышат менин балам бир жума болду основаниеси менен кошо 47 минге без багаж билет менен учту основаниени эч жерден сурап карапда койгон жок дейт бул акмактардын бизнеси эле болуп жатат тамагынарга ошол арам акчанар тыгылып өлгүлө.
31.03.2021. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Элдин өкүлү болуп дайындалгандар,Чимкирик эле экенсиңер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: