Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп ишти эмнеден баштаарын айтты
Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды.
SUPER.KG порталы Мирлан Бакировго байланышып, ишти эмнеден баштаарын сурады.
"Чындыгында жумуш көп экен, буюрса, баарын пландап натыйжалуу аракетте болобуз", - деп жооп берди Бакиров.
Өмүр баяны:
Мирлан Бакиров 1975-жылдын 11-майында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айылында туулган.
Ал Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бухгалтердик эсеп адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 1996-жылы Мамлекеттик салык инспекциясынын Жалал-Абад облусу боюнча акциз бөлүмүндө инспектор болуп иштөөдөн баштаган.
1998-1999-жылдары "Жалал-Абад АА" корпорациясынын башкы бухгалтери;
1999-2003-жылдары Жалал-Абад облфинбашкармалыгынын бюджет бөлүмүнүн башчысы;
2003-2005-жылдары "Марьям и Ко" ЖЧКсынын директорунун орун басары;
2005-2010-жылдары "Дан-Юг" ЖЧКсынын директору;
2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты;
2015-жылы "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган;
2017-жылы 13-декабрда Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары болуп шайланган;
2020-жылы вице-спикерликти өз ыктыяры менен тапшырып берген.
