Парламент комитетинде күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча токтомдун аткарылышы каралды
Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети “2020-2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча өкмөттүн иши жөнүндө” токтомдун аткарылышын карады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Талкуу учурунда депутат Бейшеналы Нурдинов азыр көмүр казып жаткан канча ишкана бар экендигине, Абдыкапар Султанов өндүрүлгөн ар бир киловатт электр энергиясынын баасы канча болоруна, Эрмамат Тагаев электр тармагындагы жоготууларды кыскартуу боюнча кандай чаралар көрүлүп жаткандыгына кызыкты.
Талкуунун жыйынтыгында комитет өкмөттүн 2020-2021-жылдын күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүн электр жана жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча ишин канааттандырарлык деп тапты. Өкмөткө Токтогул суу сактагычында зарыл көлөмдөгү сууну жыйноо боюнча комплекстүү чараларды көрүү, Камбар Ата-1 ГЭСин куруу боюнча долбоорду даярдоо жана ишке ашырууну 2021-жылдагы артыкчылыктуу жана кечиктирилгис милдеттердин тизмесине киргизүү сунушталды.
